Видео Жаңылыктар

Видео. Кафеде чет элдик студенттерди белгисиз адамдар сабап салышты

Бишкекте белгисиз жигиттер чет элдик студенттерди сабап салышкан. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү айтып чыгышты. Студенттер «Салам Намасте» кафесинде эс алып жатышканда белгисиз адамдар келип кол салган.

Маалым болгондой окуя 7-майда саат 23.30дар чамасында болгон.

«Кафеге Индиядан студенттер келишти, алар заказ бергенге да үлгүрүшкөн жок. Бул учурда мекемеге кыргызстандыктар кирип келип, аларга кол салып, сабап башташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам жабыркаган. Мушташтын себептери белгисиз», — деп билдиришти мекемеден.

Кафеге чет элдиктер кантип кирип жатканы тартылган кадрлардан көрүнүп турат. Алардын артынан келген жергиликтүү тургун студенттердин бирин сүзгөндө ал кулап түшкөн.

Жабырлануучуга жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок ошол эле жигит чет элдиктердин жанына келип, аларды сабап баштаган. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал дагы бир кыргызстандык менен жерде жаткан жигитти тээп башташкан.

Яндекс.Метрика