Видео. Камчы Көлбаев кызын турмушка узатты
Мыйзамдагы ууру Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) кызы Эркеайымды турмушка узатты. Анын күйөө баласы 25 жаштагы Руслан аттуу жигит экени белгилүү болду.

Иш-чарага чакыруу барагы социалдык тармактарда жарыяланып, анда колуктунун жана күйөө баланын аталарынын ысымдары көрсөтүлгөн.Той өзү жекшемби күнү Версаль ресторанында өттү. Белгилүү болгондой той диний каада-салттарга ылайык өткөн. Майрамдык иш-чарага чакырылган эркектер менен аялдар ар башка убакытка келишип жана алар өз-өзүнчө майрамдашты.
«Көлбаевдин күйөө баласынын уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тиешеси жок экендиги белгилүү. Иш-чарада белгилүү ырчы Мирбек Атабеков ырдады», — деп күбөлөр айтышты.
Белгилей кетсек, Камчы Көлбаевдин төрт баласы — үч кызы жана бир уулу бар.
