Жаңылыктар

Видео: Кара-Сууда жол кырсыгынан 7 адам мерт кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам мерт кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон. Алардын үчөө эркек, төртөө аял, ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Шаматов жана Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Видео:

Яндекс.Метрика