Видео Жаңылыктар

Видео. «Карга, кузгун жеп койгон». Дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды

2020-жылдын 26-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында жубайы 1978-жылы туулган Базарматова Бахтигул Сабировна Жалал-Абад шаарынан кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча үйүнө барган эместиги белгилүү болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө: шектүүлөр Х.И. Жана П.Ш. тарабынан 2020-жылдын 25-ноябрь күнү, өздөрүнүн сырттан таанышы болгон Б.Базарматова менен жолугушуп, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Н.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинен саат 16:30 чамаларында “Тойота-Авенсис” автоуунасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан.

Б.Базарматова акча жок экендигин айткандан кийин И.Х. өзүнүн автомашинасында турган кол чачыгы менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасында болгон 32000 (отуз эки миң) сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алышып, кол телефонун ыргытып жиберишкен.

Ал эми Б.Базарматованын жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дененин толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денесине карата тиешелүү эскспертизалар дайындалган.

Яндекс.Метрика