Видео Жаңылыктар

Видео. Катуу сел көпүрөнү агызып кетти. Жүздөгөн адамдар көчүрүлүүдө

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун сел каптап, каттам жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-майдан 5-майга караган түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 57-чакырымын каптаган. Буга байланыштуу каттам жабылган.

Президент Садыр Жапаров дагы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бул тууралуу жазып чыкты.

«Табият кырсыгы болду.Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды.

Алайга дагы жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды. Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз.»-деп жазган президент.

Яндекс.Метрика