Видео. Коляскада отурган майыпты каналга түртүп жиберген. Ал каза болду
Ыкчам кызматкерлери денеге оор залал келтирип, натыйжада адам өлүмүнө алып келген шектүү жаранды кармашкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
23-мартта 102 кызматына Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 1988-жылы туулган Д.М аттуу жаран каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал омуртканын компрессиялык сыныгы диагнозу менен алынып келинген. Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен.

Милиция кызматкерлери маркум 21-март күнү Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда майыптар коляскасынан табылганын аныкташкан. Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча кылмыш иши козголгон. Видеодо шектүү буту баспаган майыпты сүйрөп келип суу аккан каналга түртүп салганын көрүүгө болот.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган С.Ы. кармалган. Ал Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды.