Видео Дүйнөдө

Видео. Кыздар дудук үй кызматкерин сабап, буттарын өптүрүшкөн

Дүлөй жана дудук кыз сабалды. Бул тууралуу ГУВДнын басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болгон.

Маалыматтар боюнча, окуя ушул жылдын 25-майынан 26-майына караган түнү болгон. Түнкү саат 03:15 чамасында 102 тез жардам кызматынан 24 жаштагы Мохизода В. денесине келтирилген жаракаттын издери менен ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кызды 28 жаштагы Мумтозбегим Д. жана анын дагы эки таанышы, 23 жаштагы Мукаррам М. жана 20 жаштагы Диера Б. кармалган. Алар майып үй кызматкерин сабап, кыйнап буттарын өбүүгө мажбурлашкан. Жабырлануучу батирден эртеси гана чыгып, кол булгалап тез жардам кызматын токтоткон.

Учурда бардык кылмышкерлердин өздүгү такталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө алдындагы текшерүү жана окуянын чоо-жайын иликтөө уланууда.

Видео:

Дагы оку:

Яндекс.Метрика