Видео Спорт

Видео. Макрегор-Порье беттеши аяктады. Конор бутун сындырып алды

UFC-264 алкагында Конор Макрегор менен Дастин Порье үчүнчү ирет беттешке чыгышты. Беттеш туура бир раундга созулду.

Дароо эле Порье активдүү болуп бир нече таамай соккуларды жасап жатты. Конор дагы өз убагында буту менен бир нече сокку узатып жатты. Раунддун аягында Макрегордун сол буту сынып калганына күбө болдук. Бул раунддун соңунда гана билинди.

Беттеш дароо токтотулуп, жеңиш Дастин Порьеге буйруду. 3 беттештин экөөсүндө Порье жеңишке жетишкен. Мындан ары Конор спортко кайтып келеби жокпу белгисиз. Беттештин видеосун төмөндө көрө аласыздар.

Видео:

Толук беттештин видеосу:

Яндекс.Метрика