Жаңылыктар

Видео. Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип жиберди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын берип жатып түз эфирде уу коргошунду ичип жиберди.

Видео:

Уу коргошунду муздак ичүү өлүмгө жеткирет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жыйын учурунда билдирди.

Анда министр уу коргошунду өзү ичип, коомго көрсөттү. Айтымында, аны бир гана ысык абалда ичүү керек. «Бул суусундукту муздак ичкен адам 5 мүнөткө жетпей көз жумат. Ошондуктан уу коргошунду жол-жобо менен колдонуу керек. Мен азыр клиникалык тажрыйбадан өтүп жатам», — деди ал.

Яндекс.Метрика