Видео Дүйнөдө

Видео. Мирзиёев менен Рахмондун согуш тууралуу сырдуу сөздөрү талкуу жаратты

Бүгүн, 10-июнда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстан Республикасына расмий иш сапары менен барды. Душанбе эл аралык аэропортунан аны Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Бул сапар эки күнгө созулат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президенттер өзбек-тажик көп тармактуу өнөктөштүгүнүн кеңири күн тартибин карап чыгышы, ошондой эле эл аралык жана аймактык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуусу күтүлүүдө.

Дагы бир кызык нерсе: президенттер аэропорттон чыгып баратышканда алардын диалогунун бир бөлүгү видеого түшүп калган, аны тажик ММКлары таратышты.

Чыгып жатып Мирзиёев Рахмонго: «… чындыгында мунун баары провокация болгонбу, алар деген бизге …» дейт, — ушул учурда диалог үзгүлтүккө учурайт. Коңшу мамлекеттердин президенттери эмне жөнүндө сүйлөшкөнү белгисиз.

Видео:

Дагы оку:

Яндекс.Метрика