Видео Дүйнөдө

Видео. Москвада 150 кыргыз катышкан массалык мушташ болду

Кечээ, 12-июлда Москвада мигранттар арасында олуттуу өзгөчө кырдаал болду. Кузьминки метросунда мушташ чыгып, ага Борбор Азиядан 150гө жакын мигрант катышкан.

Интерфакстын маалыматына караганда, мушташ Өзбекстан менен Кыргызстандан келген иммигранттар тарабынан уюштурулган. Ал эми социалдык тармактарда башка маалымат таркатылып жатат. Анда мушташкандар Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары айтылып жатат.

Мушташ кечки саат жетилер чамасында башталган, андан кийин окуя болгон жерге дагы мигранттар келе башташкан.

Окуя болгон жерден бир нече адам ооруканага жаткырылды. Алар оор жаракат алышкан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери келишкен. Алар мушташтын болжол менен 15 катышуучусун кармады.

«Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери жана Росгвардия коомдук тартипти бузуунун алдын алуу боюнча иш-чараларды көрүштү, ошондой эле алар бир катар жарандарды тергөө үчүн аймактык полиция бөлүмдөрүнө алып келишти», — деп билдирди Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы. Мушташтын видеосу төмөндө:

Мушташты байкаган курьер артка кайтып жатат

Видеосу төмөндө:

Тажик-Кыргыз мушташтын видеосу:

Яндекс.Метрика