Видео Дүйнөдө

Видео. Москвада эки тажик жараны полицияга кол салды

Москва шаарында метрого жакын жерде Тажикстандан барган эки мигрант полиция кызматкерлерине кол салды.

Кол салгандардын бири качып кетүүгө үлгүргөн, бирок кийинчерээк кармалган. Бул тууралуу BAZA басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Москвадагы метродо Тажик жарандары полиция документин көрсөтүүнү айткандан кийин кол салган.

Алгач Сайдакрам Хамроев аттуу жаран полицияны муштуму менен уруп жиберген. Аны кармоо учурунда Умар Расулжонзода аттуу шериги чуркап келип полиция кызматкерин тээп, андан кийин качып кеткен. Полицияга кол салгандар ошол эле күнү камакка алынган. Эки Тажик жаранына бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Видео:

Яндекс.Метрика