Видео. Москвада кыргыздар менен дагестандыктар ортосунда мушташ болду
Москвада мигранттар катышкан массалык мушташ болду. Маалым болгондой, кыргыздар менен дагестандыктардын ортосунда мушташ болду.

Россиянын басылмалары такташкандай, окуя 6-декабрь түнү Дмитрий Ульянов көчөсүндө болгон.
Мушташтын себеби дагестандыктардын бири такси үчүн акча төлөөдөн баш тарткан, айдоочу кыргыз болгон. Мушташтын катышуучулары олуттуу жаракат албаганы такталды.