Видео Дүйнөдө

Видео. Москвада полиция сабаган кыргыз баланын достору окуянын чоо-жайын айтып беришти

Орус полициясы тарабынан катуу сабалган 21 жаштагы кыргызстандыктын достору окуянын чоо-жайын айтып беришти. Жаштардын кайрылуусун блогер Ринат Усупбаев өз баракчасына жарыялады.

Эске салсак, 2-ноябрда социалдык тармактарда орусиялык полиция кызматкерлери мигрантка физикалык күч колдонгону тууралуу видео тараган. Мигранттын укук коргоо кызматкерлерине баш ийбей, андан кийин бетке муштум жегенин көрүүгө болот. Андан соң полиция кызматкерлери кыргызстандык жарандын колуна кишен салып, кызматтык унааны көздөй күч менен сүйрөп кетишкен. Окуянын күбөлөрү полицияны мигрантка адамгерчиликтүү мамиле кылууга үндөшкөн.

«Сиз бул окуяга соцтармактар ​​аркылуу көз салып жүрсөңүз керек. Биз кеңири айтып берели. Окуянын өзү 2-ноябрь күнү болгон. Полиция кызматкерлери досубузду кетип бара жаткан жеринен токтотуп, документтерди талап кылышты.

Документтерди тынч текшеришти, досубуз эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Анан алар аны полициянын бөлүмүнө алып барабыз дешти, ошондон кийин, досубуз алардан жөн гана начальнигине телефон чалып унаанын ачкычын берип коюга уруксат сураган.

Бирок полиция буга каршы болуп, күчкө салып алып кетишкен. Ал жактан бир нече кагазга зордоп кол койдурушкан,»- дешти жаштар. Ошондой эле алар буга чейин да ушундай окуялар болуп келгенин, бирок дайыма көмүскөдө калганын кошумчалашты.

Видео:

Ринат Усупбаев ачууланды:

Яндекс.Метрика