Видео Дүйнөдө

Видео. Москвада прокурор кыргыз таксистти бетке чаап, коркутту

Мас абалында Черемушкин райондор аралык прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы Санал Носонов таксистке кол салып, «жанчып салам» деп коркуткан.

Чыр айдоочунун 30 метр жерге жетпей калганынан улам келип чыккан. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты. Окуя Гарибальди көчөсүндө болгон. Таксист жүргүнчүлөрдү алуу үчүн аталган дарекке келген, бирок маршруттун башталыш пунктунун жанында аялдама белгиси болгон. Кабинада отурган жүргүнчүлөр айдоочунун алардын жанына барбаганына нааразы болушкан.

Таксисттин айтымында, унаага үч адам отурган. Алардын бири прокуратурадан экенин айтып, коркутууга өткөн. «Менин ким экенимди билесиңби? Мен азыр сенин бетиңди талкалап салам! » — деген таксинин алдыңкы отургучунда отурган киши.

Окуянын видеосу орус жана кыргыз социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга алынууда. Арасында Жириновскийге кайрылып «буга эмне дейсиң» деп жазгандары да болууда.

Видео:

Окуядан кийин Черёмушки районунун прокуратурасы бул кызматкерди жумуштан алган.

Яндекс.Метрика