Видео Дүйнөдө

Видео. Москвада такси айдаган кыргыз айдоочуну атып кетишти

Москвада Кадиллактын айдоочусу кыргызстандык такси айдоочусун атып кетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Атышуу Большая Садовая көчөсү менен Тверская Заставанын ортосунда, 2-Брестская көчөсүндө болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кадиллактын рулунда отурган айдоочу жаңжалдашкан такси айдоочусуна бир нече ок чыгарган.

Андан кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилген. Абалы оор, шектүү кармалды, ал 43 жаштагы Дмитрий Махалов бир нече жолу соттолгону белгилүү болду. 2009-жылы уурулук үчүн, 2017-жылы кишиге отвертка менен кол салып, ден соолугуна оор залал келтирген.

«112» Telegram каналы 43 жаштагы Дмитрий Махаловго таксисттин айдоо стили жакпай калганын жазды. Ал окуяны иликтөө үчүн чыгып, 34 жаштагы Алманбет Абдрахманов менен мушташып, травматикалык тапанчасын алып чыгып, бир нече жолу ок чыгарган. Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу атаандашына биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылып, бирок кийин көздөн кайым болгон. Азыр окуя болгон жерде полиция иштеп жатат.

Видео:

Яндекс.Метрика