Дүйнөдө Кызыктуу

Видео. Москванын метросунда кыргыз кызы төрөп койду

Москвада 29 жаштагы кыргызстандык аял метродо төрөдү. Окуя Электрозаводская станциясында орун алды. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар видеону жарыялап, жазып чыгышты.

Видео:

«Полиция кызматкерлери кош бойлуу аял эскалаторго такай отура баштаганын байкашкан. Көрсө, анын толгоосу башталып калган экен. Полиция тез жардам кызматын чакырган, бирок төрөт алар келгенге чейин башталган. Улук сержант Алеся Полякова ымыркайды төрөттү. Ымыркай термалдык жуурканга оролгон. Келген дарыгерлер полиция баарын туура жасагандыгын белгилешти. Ымыркай менен эненин ден-соолугу чың», — деп айтылат видеодо.


Метродо төрөгөн кыздын аты Үпөл экени такталды, ал 29 жашта, Кыргызстандык.

Яндекс.Метрика