Видео Дүйнөдө Спорт

Видео. Мыкты! Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Кыргыз балбаны жарым финалдык беттеште азербайжандык балбан Мурад Мамедовго каршы беттеш өткөрдү.

Биринчи бөлүктө атаандашы активдүүлүгүн көрсөтпөгөнү үчүн Жоламан Шаршенбековго 2 упай берилип, алгачкы 3 мүнөттүк кыргыз балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.

Ал эми 2-бөлүктүн башында каршылашы Мурад Мамедов 2 упай иштеп таап, эсепти теңеп кетти. Андан соң Жоламан Шаршенбеков атаандаштын артына өтүп эсепти 4-2 ге жеткирип, ошол бойдон каршылашка эч мүмкүнчүлүк бербей беттеш 4-2 эсебинде балбаныбыздын жеңиши менен аяктады. Муну менен Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугун финалына чыгып, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Финалдык беттештер эртең 9-октябрда саат 14:00дө орун алат. Эске салсак буга чейин кыргыз балбандар Сардарбек Конушбаев, Руслан Царев, Кайрат Туголбаев, Калидин Асыкеев и Бексултан Махмудов медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жуушкан.

Видео:

Яндекс.Метрика