Видео Жаңылыктар Кызыктуу

Видео. Нарында киши боюндай карышкыр атып алышты

Нарын облусунун Ат-Башин районунда чоң карышкыр атылды. Бул тууралуу Мергенчилер жана балыкчылар коомунун мергенчиси Мирбек Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымында, аларга айыл тургундары кайрылып, жырткычтардын малга кол салуусу көбөйүп жаткандыгына нааразы болушкан. Профилактикалык иш-чаралардын алкагында мергенчилер Арпа жайлоосуна барып, карышкырдын изине түшүп акыры атып алышкан. Анын узундугу 180 сантиметр болгон.

Видео:

Яндекс.Метрика