Видео Жаңылыктар

Видео. Окуучулар унаа уурдап баратып жол кырсыгына кабылып, 13 жаштагы өспүрүм каза тапты

Каракол шаарында жашы жете электер унаа уурдап, андан соң жол кырсыгына кабылышты. Бул фактыны Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, 6-майда Каракол ОВДнын нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5-майдан 6-майга караган түнү белгисиз адамдар анын Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкендигин билдирген.

Билдирүү келип түшкөндөн кийин, «Перехват» планы киргизилген. Издөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа жол кырсыгына кабылган абалда Ак-Суу районунун Жолколот айылынын Панорама участкасынан табылган. Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан 15 жаштагы Ю.Р., 15 жаштагы С.Д., 14 жаштагы И.А. жана 13 жаштагы М.К. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жашы жете электер арыз ээсине таандык унааны уурдап, Панорамага барышып, ал жерде жол кырсыгына кабылышкан. Млиция билдиргендей, унаа тоноого катышкан адамдардын бири, 13 жаштагы М.К. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Каза болгон мектеп окуучусу Жети-Өгүз районунун Дархан айылынан болот. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 10-майда өтөт. Үчөө Ысык-Көл облустук ооруканасында, бирөөсүнүн абалы оор.

Унаасы уурдалган үй-бүлө өспүрүмдөр катары менен төртүнчү унаа тоноп жатканын билдирди. Мындан тышкары, буга чейин алар мал уурулук кылган деп болжолдонгон. Унаа үй-бүлөнүн кирешесинин булагы болгон

Яндекс.Метрика