Видео. Орусияда кыргыз таксист полициянын колун айнекке кыпчытып айдап кетти
Россиянын Иркутск облусунда 29 жаштагы кыргызстандык таксист кармалды. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал спирт ичимдиктерин мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип келген. Кармоо учурунда ал полиция кызматкерине күч колдонгон. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Тергөөчүлөр таксинин айдоочусу мобилдик тиркеме аркылуу буйрутма алып, спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандыгын аныкташкан.
Кармоо учурунда шектүү милиционердин колун унаанын айнегине кыпчытып айдап кеткен. Полиция кызматкери айнекке кыпчылган колу менен унаанын артынан чуркаган.
Иркутск облусу боюнча Тергөө комитети 318-берене менен «Мамлекеттик кызматкеринин өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирүү» боюнча кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандык 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.