Видео. Орусияда кыргыздар менен тажиктер массалык мушташты
Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандан келген 300дөй жумушчу массалык мушташка чыкканын Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Иркутск облусундагы Ковыкта газ конденсат кенинде болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, чыр кимдир бирөө ашканага баруу үчүн кезекке турбай эле кирип кетүүгө аракет кылганынан улам башталган. Түшкү тамактануудан кийин алардын ортосунда пикир келишпестик уланып, мушташка айланган.

9 адам жабыркаган:
— Маматов А., 31 жашта: башы кесилген жаракаттар;
— Чоршанбиев Ф., 44 жаш: ЦМТ, СГМ;
— Нормуратов М.: башынын кесилген жарааттары;
— Алмазбек А.: ич көңдөйүнүн кесилген жарааты;
— Билалов А.: ЗЧМТ, СГМ;
— Сайдалиев Б.: башынын бир нече жолу көгалалары;
— Атырбеков Б.: башынын көп көгала тактары;
— Сафаров Д.: башынын бир нече жолу көгалалары;
— Искандар М.: башы бир нече көгала. Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.