Видео Дүйнөдө

Видео. Орусияда кыз талашып кыргыздар менен башка улуттун өкүлдөрү массалык мушташты

«Түнкү клубга келген эки топтун ортосунда кыздын айынан мушташ болгонун оперативдүү кызматкерлер аныкташты. «Санкт-Петербург шаарында 12-апрелде таң эрте түнкү клубдун жанындагы массалык мушташка катышкан 20 адам кармалды.

«Саат 04:46да борбордук округдун полициясына топтук жаңжал жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Ыкчам кызматкерлер түнкү клубга келген эки топтун ортосунда кыз талашып мушташ болгонун аныкташты”, — деп билдирди полиция кызматкерлери. Жаштар бычак жана башка куралдарды колдонушкан. Натыйжада төрт жаш жигит ооруканага жаткырылды.

Алардын бирөөсүнүн курсагында, экинчисинин көкүрөгүндө терең жаракат бар, дагы экөө колдору кесилген бойдон качып кетишкен. Мушташ көчөдөгү көзөмөл камераларына жазылып алынган. Кадрларда спорттук кийимчен жаштардын клубдан көчөдөн чыгып кетиши жана мушташ башталганы көрсөтүлөт.

Полициянын айтымында, Кыргызстандын жарандары менен Тыва Республикасынын жергиликтүү тургундарынын ортосунда мушташ болгон.Полиция кол салуунун себептерин аныктайт. Текшерүүдөн кийин кылмыш иши козголот.

Видео:

Яндекс.Метрика