Видео. Орусияда жол кырсыгынан 14 кыргыз жараны каза болду
Орусиянын Ульяновск облусунда болгон кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны каза болду.
Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жүк ташуучу унаанын айдоочусу алдын ала ылдамдыгын азайтпай, жолдун оңдолгон тилкесинде тескери кыймылда кезегин күтүп турган кичи оавтобусту сүзүп алган. Кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосуна тыгылып калган.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен 16 адам каза болуп, анын 14ү Кыргызстандын жараны, дагы үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган.
Кырсык 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дөр чамасында РФнын Ульяновск облусунун Николаевск районундагы М5-Урал унаа жолунда болгон.