Видео. Ош-Бишкек жолунда үрөй учурган кырсык катталып, 6 адам каза болду
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 6 адам каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, кырсык Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ууру-Жар айыл өкмөтүнүн Достук айылына жакын жерде болгон.
«Кырсык 12-июнда болжол менен таңкы саат алтыда болгон. Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаа КамАЗ менен кагышкан. 6 адам ошол жерден көз жумган», — деди күбөлөр.
Азырынча Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымат алуу мүмкүн болгон жок.
Видео:
Биздин Инстаграм баракчабызга катталып акыркы окуяларды алгачкылардан болуп билип туруңуз.