Видео. Ош-Бишкек жолунда май ташыган унаа жырылды
Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынан алыс эмес жерде күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм саат 14:30да тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр саат 15:42де өрттү локализациялап, саат 17:00дө толугу менен өчүрүлүп, окуя болгон жерден белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Видео: