Жаңылыктар

Видео. Ошто баасы 20 млн доллар турган 440 кг героин кармалды

Ош облусунда 13-майда жүк ташуучу унаанын ичинде катылган 440 кг героин менен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 18-майда билдирди.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, кара базарда алынган баңгизаттын баасы 20 миллион доллардан ашуун турат. Кыргызстандын эки жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

УКМКда белгиленгендей, узак мөөнөткө созулган атайын иш-аракет ири баңги затын ташыган эл аралык баңги каналын — Жакынкы Чыгыштан Европа өлкөлөрүнө Борбордук Азия аркылуу героин ташып, токтотууга багытталган.

«Эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу ири масштабдагы баңги каналын жаап, рекорддук көлөмдөгү катуу баңги зат — героинди колго түшүрүүгө мүмкүн болду» деп айтылат билдирүүдө.

Яндекс.Метрика