Видео Жаңылыктар

Видео. Ошто жүк ташуучу унаа 6 адамды басып калды

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, алты адам каза болду. Ооодарылып кеткен HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа көмүр ташып бараткан. Кырсык 24-июнь күнү болду.

24-июнь, 2022 Ош.Пикирлерди көрүңүзОш облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып, алты кишини басып калды.

Кырсыктын кесепетинен эки аял, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.Кырсык Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө болгон. Жеринде ӨКМнын куткаруучулары, милиция иштеп жатат. Каза тапкандардын тек-жайы такталууда.

Яндекс.Метрика