Видео Дүйнөдө Спорт

Видео. Осло-2021 Тыныбекова алгачкы атаандашын оорчулук менен жеңди

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүп жатат. 62 килограмм салмактагы дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келди.

Толук алты мүнөт күчтүү атаандашдыкта күрөш жүрүп 6:4 эсебинде Айсулуу жеңишке жетишти. Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. 1/4 финалда Айсулуу Тыныбекова Беларусь өлкөсүнөн келген Вераника Иванова менен кез келет. Айсулуу Тыныбекова быйыл жайында Японияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган.

Видео:


Мындан тышкары эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Акматалиев Эрназар килемге чыгып, атаандашын 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды.

Яндекс.Метрика