Видео. Патрулдук милиция баш бербей жаткан мас жүргүнчүнү муунтуп салды
Социалдык тармактарда «Оштун көчөлөрүнүн биринде жол инспектору адамды муунтуп жатат» деген видео тарады.
Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 14-сентябрда кечинде чакыруу түшүп, инспекторлор окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.
Айдоочу светофордун кызыл түсү күйүп турганда өтүп бара жаткандыгы үчүн токтотулган. Айдоочу өзү мас эмес болчу, бирок ичинде мас жүргүнчүлөр болгон, алар укук коргоо кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кыла башташкан. Видеодо инспектор жүргүнчүнү муунтуп жатканда ал эрежесиз мушташтагыдай жеңилдим деген ишарат менен милициянын колун чапкылап жиберген.
Инспекторлор жол эрежесин бузган унаанын жүргүнчүлөрүнө мыйзам чегинде чара көрүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Видео активист А. Ормокеевдин баракчасына жарыяланган:
Видео: