Видео Жаңылыктар

Видео. Президент Таласка келет деп Өтмөк ашуусун таптаза кылып коюшту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Таластагы Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышына барат. Президенттин басма сөз кызматы буга чейин ачылышка Орусиянын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышарын билдирген.

Видео:

Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Яндекс.Метрика