Видео Дүйнөдө Кызыктуу

Видео. Рамзан Кадыровду шайтан деп атаган баланын атасы кечирим сурады

Рамзан Кадыровду Шайтан деп атаган жигиттин туугандары Чечен Республикасынын башчысынан кечирим сурашты.

Кийин белгилүү болгондой, Кадыровду Инстаграмдан шайтан деп жазган комментарий 15 жаштагы өспүрүмгө таандык болгон.

Ал Дагестандын туулганы, бирок үй-бүлөсү менен Москванын жанындагы Чехов шаарында жашаары белгиленди.

Видео кайрылуусунда анын атасы эл алдында Кадыровдон «уулун туура эмес тарбиялаганы үчүн, татыктуу уулду тарбиялай албагандыгы үчүн» кечирим сурады.

Өспүрүм өзү да кадрга чыгып, бирок эч нерсе айткан жок. «Менин уулумдун тарбиясын биздин үйгө — Кавказга ылайыктап, олуттуу мамиле жасаарыма кепилдик берем» деп кошумчалады атасы.

Жигиттин башка туугандары дагы окуучунун жүрүм-турумунан уялгандыгын жана өспүрүм өзү күнөөсүн түшүнгөндүгүн айтып, кечирим сурашкан.

Эске салсак буга чейин Чеченстандын башчысы Рамазан Кадыров Инстаграмга түз обого чыгып катталуучулары менен баарлашып жаткан учурда бирөө шайтан деп пикир калтырган.

Буга Кадыров реакция кылып аны издеп таап жазасын берерин айткан.

Яндекс.Метрика