Видео Жаңылыктар

Видео. Сөгүш алган Аравандын акими түнү менен таштандыны тазалап чыкты

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Араван районунун тургундарынын көйгөйлөрү менен таанышып чыгып, андан кийин жергиликтүү жашоочу өкмөт башчыга таштанды маселесин айтып, жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай жаткандыгын айткан. Улукбек Марипов бул көйгөйгө жеке өзү ынанып, иш-аракетсиздиги үчүн район акимине сөгүш жарыялаган.

Өкмөт башчы ачуусу менен бир күндүн ичинде аймакты таштандыдан тазалоону тапшырган. Ошол эле түнү райондун акими түнү менен үйүлгөн таштандыны өзү башында туруп тазалап чыкты.

Видео:

Яндекс.Метрика