Видео

Видео. Садыр Жапаров Баткенде сүмөлөк жасоого катышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта жазгы күн менен түндүн теңелүүсү – Нооруз майрамынын алдында бышырылуучу салттуу сүмөлөк даамын даярдоо процессине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы оттун айланасында кадырлуу аксакалдар менен жергиликтүү тургундардын чөйрөсүндө баарлашты. Катышуучулар манасчылардын төкмө акындардын, комузчулардын жана аккордеончулардын коштоосунда чакан концерттик программага күбө болушту.

Салт боюнча Садыр Жапаров казанда кайнап жаткан сүмөлөктү аралаштырып, бата тилеп, каалоо-тилек айтты.

Видео:

Яндекс.Метрика