Видео. Садыр Жапаровдун кортежиндеги жан сакчы каза болду
Президент Садыр Жапаров 4-июнда Ысык-Көл облусунда болгон учурда коштоочу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолдун бир бөлүгүндө, Ысык-Көл районунун Ананьево айылына жакын жерде коштоп жүргөн адамдарга бөлүнүп берилген унаа каршы тилкеге чыгып кетип бара жатып, аны сүзүп кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыгып кеткен унаанын айдоочусу мас абалда болгон.
Бул кырсыктын кесепетинен УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринин арасынан үч адам жаракат алып, бирөө каза болду.
Видео: