Видео Дүйнөдө Спорт

Видео. Самат Абдырахманов нокаут менен жеңишке жетти

24-июнь түнү Москвада тездик менен өнүгүп келе жаткан жылаңач муштум менен мушташкан Hardcore fighting championship уюмунун беттештери болуп өттү. Башкы беттеште Кыргызстандык Самат Абыдрахманов менен Армениялык Лендруш Акопян кезикти.

5 раунддан турган беттеш кызуу башталып, 14 кг оор болгон Лендруш оор муштумдар менен уруп жатты. Самат өзгөчө кыймылы менен гана мыкты буйтап жатты. Төртүнчү раундда Самат оң колу менен атаандашын нокаутка учуруп ошону менен беттеш токтотулду.

Самат Кыргыз баш байге бмв үлгүсүндөгү унааны айдап кетти.

Яндекс.Метрика