Видео. Сокулукта ташылып бараткан 7 автоунаа толугу менен өрттөнүп кетти
Кечээ кечинде Чүй облусунун Сокулук районунда унаалары бар трал күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМге түнкү саат он экилер чамасында Күн-Туу айылында жүк ташуучу унаа өрттөнүп жатканы тууралуу чалуу келип түшкөн.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, өрт күйүүчү майдын агып кетишинен улам башталган. Трал менен кошо 7 унаа дагы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, үч өрт өчүрүү тобу жеринде иштешти. Өрт эки сааттан кийин өчүрүлгөн.
Видео: