Видео Дүйнөдө

Видео. Соода борбордо чылым чегип отурган кызды күзөтчү бетке уруп, мурдун сындырып салды

Соода борбордун 66 жаштагы күзөтчүсү 14 жаштагы кызде бетке уруп, мурдун сындырып салганы. Окуя Орусиянын Челябинск шаарындагы соода борборлордун биринде болгон. Анда отурган жаш кызды жашы улгайып калган күзөтчү бетке урганын көрүүгө болот.

Күзөтчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголду. Административдик кодекстин «Сабоо» беренеси боюнча окуянын бардык катышуучулары аныкталып, сурамжылоо жүргүзүлдү, — деп билдирди Ички иштер министрлигинин шаардык башкармалыгы.

Окуяга күбө болгондор жеке күзөт фирмасында иштеген кишинин тамактануучу жайда кызды уруп жатканын видеого тартып алышкан.Жеке күзөт компаниясынын 66 жаштагы кызматкерине 30 миң рублга чейин административдик айып салынат, же 15 күнгө чейин административдик камакка алынат же милдеттүү түрдө жумушка тартылышы мүмкүн.

Маалымат боюнча, эркек өзүнүн кылганын кыздын соода борборунун имаратында тамеки чеккени, өзүн адепсиз алып жүргөнү жана эскертүүлөргө жооп бербегени менен түшүндүргөн. Чындыгында ал кыз вейп чегип отурганы белгилүү болду.

Иштин жүрүшүндө жабырлануучу 14 жашта экени белгилүү болду. Анын апасына карата Административдик кодекстин 5.35 -беренесине ылайык (ата-энелер жашы жете электерди багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы) боюнча протокол түзүлдү.Окуянын видеосу социалдык тармактарда катуу талкууга алынууда.

Видео:

Яндекс.Метрика