Видео Жаңылыктар

Видео. Стивен Сигал эң бай депутаттын тоюна катышууда

Жогорку Кеңештин эң бай экс-депутаттарынын бири Азамат Арапбаев уулунун үйлөнүү тоюн шаардын четиндеги «Maple Leaf» гольф клубунда өткөрүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына бир нече маалымат булактары билдирди.

Той азыр өтүп жатат, бул тойго өзгөчө чоң чатыр тигилди. Азамат Арапбаев уулу Данияр Арапбаевди үйлөнтүп жатат. Келиндин аты Салима, ал тууралуу толук маалымат жок.

Маалымат булактарынын айтымында, үйлөнүү үлпөт тоюна өлкөнүн бир катар саясатчылары, негизинен жогорку даражалуу аткаминерлер жана учурдагы депутаттар катышууда. Алардан тышкары жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер да чакырылган.

Тойдун алып баруучусу россиялык шоумен жана Валдис Пельш. Тойго америкалык актёр Стивен Сигал да чакырылган. Арапбаев ЖКнын алтынчы чакырылышындагы эң бай депутаттардын катарына кирген. Алсак, 2019-жылы 33 миллион 922 миң сом киреше тапкан. Ал эми 2020-жылы анын жеке кирешеси декларацияга ылайык, 54 миллион 405 миң сомду түзгөн. Арапбаевдин эки жыл ичиндеги жалпы кирешеси 88,3 миллион сомду түзгөн. Ошол эле учурда депутаттын жакын туугандары 198 миллион сом киреше тапкан.

Анын уулу Данияр Улуу Британияда окуган. Ал өзүнүн LinkedIn баракчасында 2013-жылы Abbey College Cambridge жеке менчик окуу жайында окуганын билдирген. Бул Кембридждеги мектеп окуучулары үчүн эл аралык колледж, ага негизинен чет элдик студенттер катышат.

UniPage агенттигинин маалыматы боюнча, бул колледжде бир жылдык окуунун баасы орто эсеп менен 38 миң долларды түзөт. 2014-2016-жылдары Данияр Арапбаев Лондондогу Mander Portman Woodward жеке менчик мектеп-интернатында окуган. Жылдык окуу акысы ал жерде 31 миң фунт.

2016-жылы Эксетер университетине тапшырып, 2019-жылы аяктаган. UniPage порталынын маалыматы боюнча, бул университетте окуу жылына 15 миң доллар турат. Ал кытайлык түстүү металл казуучу CNMC Ltd (Лондон) компаниясынын Лондондогу кеңсесинде, Демир Банкында жана Кыргызстандын Улуттук банкында стажировкадан өткөн.

Яндекс.Метрика