Видео

Видео. Түндө кызды унаага салып уурдап кетишкен

5-май күнү Чүй облусунун Лебединовка айылынан кыз уурдалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган.

Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. «Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кызды уурдап кеткен жарандын аты-жөнү такталган.

Учурда милиция кызматкерлери аталган жарандын жашаган жерине жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти Чүй облустук милициясынан.

Яндекс.Метрика