Видео Кызыктуу

Видео. Түндө Ысык-Көлдө укмуштуудай жаратылыш кубулушу болду

Түндө Ысык-Көлдө катуу күн күркүрөп, жамгыр жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, 13-августта саат 22:30 чамасында катуу күн күркүрөп, жамгыр жаап баштаган.

«Жарым сааттан ашык убакыт күн күркүрөп, чагылган чартылдап жатты. Бир тынган жок», — дешти алар.

Мындай жаратылыш кубулушу Ысык-Көл облусунун күнгөй тарабындагы бир нече айылдарда болгон.

Чагылган чартылдап жатканда жергиликтүү тургундар видеого тартышкан. Видеодон жарандар таң калып, коркуп жатканын байкоого болот. Ошондой эле «Кудай сактасын. Жарым сааттан бери болуп жатат» деген сөздөр угулат.

Видео:

Булак Турмуш

Яндекс.Метрика