Видео Жаңылыктар

Видео. Таласта көк бөрү мелдешинен кийин массалык мушташ орун алды

Талас областында көк бөрү боюнча республикалык турнир болуп өттү. Анда 4 миң көрүүчү чогулган, оюндан кийин көрүүчүлөр арасында массалык мушташ орун алды.

Мелдеш Алканов атындагы ипподромдо өткөн. Оюнга өлкө боюнча чоңдор жана жаштар командалары катышкан. Чоңдор арасында биринчи орунду Талас командасы алса экинчиликти Чүй алып, үчүнчү орунду Ош облусу ээлеген.

Жаштар арасында биринчи орунду Чүй, экинчини Нарын, үчүнчү орунду Талас алган.

Чемпионат 25-октябрдан 30-октябрга чейин өтүп, байге фонду миллион сомду түзгөн.

Яндекс.Метрика