Жаңылыктар

Видео. Таласта митингге чыккандар Жапаровго жолугуп тарап кетишти

Талас районундагы Жерүйгө кеткен жолго митингге чыккандар тарап кетишти. Митингчилер менен президент Садыр Жапаров жолугушту. Президент жергиликтүү тургундардын арыз-муңун укту. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн элүү чакты адам Жерүйгө кеткен жолго чогулушкан.

«Жолугушуунун жыйынтыгында, алар көтөрүлгөн бардык маселелер каралып, чечилет деп макулдашышты»

Белгилей кетсек, бүгүн 1-март күнү Садыр Жапаров иш сапары менен Талас облусунда барган. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен биргеликте Жерүй кенинде алтын чыгаручу фабриканы ачышат. Салтанаттуу азем телекөпүрө форматында түз өтөт.

Яндекс.Метрика