Видео Жаңылыктар

Видео. Талкаланган Жумгал-Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун атын коюу сунушталды

Талкаланган Жумгал — Ак-Талаа жолуна министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Нарындыктардын демилгесин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самойкожо билдирди.

Анын айтымында, бул жолдо унаа жүрүүгө мүмкүн эмес.

«Жол толугу менен бузулган. Бийлик жыл сайын 3-5 чакырымды оңдойбуз деп жатышат. Анда 120 чакырым 40 жылда оңдолот, алар бүткүчө экинчи бөлүгү эчак эле талкаланып бүтөт.

Эми Нарындын тургундары жолго министрлер кабинетинин башчысынын ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүштү. Бул жолго Акылбек Жапаровдун ысымы татыктуу болот. Эми эл жаңы эмес, эски жолдорго ат коёт», — дейт Мирлан Самыйкожо.

Видео:

Яндекс.Метрика