Видео Спорт

Видео. Тарых жаңыланды! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова бүгүн, 7 -октябрда Ослодо (Норвегия) өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль үчүн күрөштү. Ал турнирге 68 кг салмакта катышты.1/8 финалда Жуманазарова кореялык спортчуну, ал эми 1/4 финалда канадалык спортчу менен жолугуп, аны 7: 1 эсебинде жеңген.

Мээрим 1/2 финалда россиялык Ханум Велиева менен кармашып, жеңишке жетип, финалга чыккан. Бүгүн, 7 -октябрда Жуманазарова чечүүчү кармашында жапониялык Рин Мияжи менен кез келип эки мүнөттө утуп алды.

Беттештин биринчи бөлүгү башталгандан 2 мүнөт өтпөй Мээрим Жуманазарова атаандаштын далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады. Муну менен Мээрим Жуманазарова чоңдор арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Видео:

Яндекс.Метрика