Дүйнөдө

Видео. Таштанды ташыган унаа жарылып кетип 16 жаштагы бала эки бутунан айрылып калды

Таштанды ташуучу унаадагы газ баллондун жарылуусунан жаракат алган баланын эки бутунан айрылды.

Окуя Өзбекстанда болгон. Маалыматка ылайык, 13-апрелде жүрүп бараткан Исузу таштанды ташуучу унаадагы метан баллону жарылган. Жарылуу учурунда жолдун четинде турган эки адам, ​​1982-жылы туулган жана 2004-жылы туулган уулу жаракат алышкан.

Экөө тең оор абалда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, жарылган шардын сыныктары эки жабырлануучунун тең буттарына тийген. Баланын эки бутун тизеден ылдый кесип салууга туура келди. Эми ал өзүнө келип, эсине келип отурат. Баланын атасына дагы операция жасалды.

Яндекс.Метрика