Видео Саясат

Видео. Тазабек Икрамов кайрадан даяр текстти окуй албай кыйналды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында кайрадан даяр текстти окуп жатып кыйналды. Анда ал бир сөздү окуй албай калды. ⠀

Жолугушуунун жүрүшүндө ал парламентарийлер талкуулай турган суроолорду окуп берди. Бирок бир нерсе туура эмес кеттиби, айтор, Икрамов «юриспруденция» деген сөзгө чалынып калды, аны жакшылап окуй албай бир топко туруп калды. Видео дароо социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынып жаткан чагы.

Баса, 1996 -жылы Тазабек Икрамов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун дене тарбия адистиги боюнча, 2010 -жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан юриспруденция адистиги боюнча билим алган.

Икрамов буга чейин бир нече жолу «туура эмес» сүйлөп алып популярдуулукка ээ болгон.

Видео:

Яндекс.Метрика