Видео Дүйнөдө

Видео. Тажикстанда катуу сел жүрүп бир нече айылдарды кыйратып кетти

Тажикстанда жаандын катуу жаагандыгына байланыштуу Согди жана Хатлон облустарында сел жүрдү. Аймактардын бир нече райондорунда түшкөн ири көлөмдөгү селдин кесепеттерин жоюуну улантууда. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына ылайык, табигый кубулуштардын себеби Ашт, Пунук жана Гудоси-Ошоба айылдарында жайгашкан дарыяларда суунун көтөрүлүшүн шарттаган узак жана нөшөрлөгөн жаан-чачындар болгон.

Сел жергиликтүү жолдорду жана турак үйлөрдү каптаган. Ашт районунун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети сел бир нече турак үйлөрдү, мал жандыктарды агызып кеткен. Азыркы учурда, эксперттер табигый жол менен келтирилген зыянга баа берүүдө.

Видео:

Синоптиктердин айтымында жакынкы күндөрү дагы нөшөрлөгөн жаан-чачындар күтүлүүдө.

Яндекс.Метрика