Видео Жаңылыктар

Видео. Тажиктер барымтага алган айыл башчыны жана 9 адамды бошотту

Тажикстан Лейлек районунун Интернационал айылынын 30-апрелде барымтага алынган 10 тургунун бошотту. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айыл башчысы Мырзабек Жумабаев жана дагы тогуз жергиликтүү тургун бошотулган. «Чыгып кеткендердин бардыгы медициналык кароодон өтүшөт. Мындан тышкары, Тажикстан буга чейин уурдалган УАЗ автоунаасын тапшырды», — деп билдиришти ИИМден.

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен облусунун Лейлек районунда Интернационал айылынын башчысы уурдалгандыгы тууралуу маалымат тараган Маалыматты Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы дагы тастыктаган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, Тажикстан бул билдирүүнү четке кагып, аны жасалма жана чагымчыл деп келген.

Яндекс.Метрика