Жаңылыктар

Видео. Тажиктер Баткен шаарынын борборун аткылап башташты

Баткен шаарын аткылоо башталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди. Алардын айтымында, имараттардын бири күйүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ракета атылган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер тажикстандык көп ракеталык системалардан аткыланган.

Шаардын жарандык инфраструктурасынын объектилери талкаланган. 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, таңкы саат 6:00 чамасында тажик тарап чек ара отряддарын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Кийинчерээк тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларын жана чек ара айылдарын минометтон аткылаган.

Буга чейин 31 адам жаракат алган. Кагылышуулар үчүнчү күндөн бери уланууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек районунун жети айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Яндекс.Метрика